Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Кыргызстандык окуучулар Минскиде КМШнын Балдар кеңешинин I жыйынына катыштыЖМК Украиналык качкындар мекенине кайтарыла баштаганын жаздыБишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Алдыда кененирээкКайгуул кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, таңда Айтматов проспектиндеги көп кабат үйдө өрт чыккандыгы тууралуу кабар түшкөн. Батирлердегилерди кайгуулчулар кран, тепкичтер менен эвакуациялай баштаган. Дүрбөлөң болгондордун ичинен 3 киши өз алдынча качып чыгууга аракет кылып, терезеден секирип жаракат алган. ӨКМден саат 6:20да төрт бригада барганын, куткаруучулар 50 адамды эвакуациялаганын билдиришти.Тилсиз жоо саат 08:50дө чектөөгө алынып, күйгөн аянт болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн. ӨКМчилер өрттү өчүрүп жатышат.
Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн комиссиясынын алдында түзүлгөн Балдар кеңешинин I жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Балдар кеңешин түзүү тууралуу чечим быйыл жайында Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн V жыйынында кабыл алынган. Кеңештин курамына КМШнын ар бир өлкөсүнөн экиден бала кирди. Жыйында окуучулар “Балдардын коомдук жашоого активдүү катышуу укугу. КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” темасында сүйлөшкөн. Ошондой эле кеңештин 2025–2027-жылдарга карата иш-планы бекитилип, экинчи жыйынды 2025-жылдын күзүндө Казакстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.
Драматург Султан Раевге Ташкент шаарында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеевдин демилгеси менен уюштурулган “Келечектин мурасы” эл аралык сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыктарды тапшыруу аземи Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин катышуусунда өттү. Бул эл аралык сыйлык Борбор Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн башка дагы өкүлдөрүнө берилди. Ошондой эле ал негизинен адабият, маданий мурас, музыка жана бий, көркөм жана бий искусствосу, илим, билим жана санарип технологиялары багыты боюнча ыйгарылмакчы.Белгилей кетсек, 13-ноябрдан тарта Ташкент шаарында Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн катышуусунда “Борбор Азия: бирдиктүү агартуучулук - жалпы келечек” эл аралык конгресси өтүп, анын алкагында катышуучуларга Ислам цивилизациясы борбору тааныштырылды.
Европа өлкөлөрү Интерпол аркылуу украиналык качкындарды мекенине депортациялоо стратегиясын иштеп чыгышты. Бул тууралуу L'AntiDiplomatico жазды. “Интерпол Киевге украиналык качкындарды депортациялап, фронтко жөнөтүү үчүн жарандарды ойдон чыгарылган кылмыштарга айыптоого жардам берип жатат. Мындай иш Европа боюнча жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта. Басылма украиналык саясат таануучу Александр Семченкого шилтеме жасап, бул схема Польша, Франция жана Германияда колдонулуп жатканын белгилеген.“Украинада кайсы мыйзам боюнча болбосун кылмыш иши козголот. Андан соң издөө жана экстрадициялоо боюнча Интерполго өтүнүч берилип, адамдар экстрадицияланат. Адамдар Украинанын аймагында жок болсо да тоноочулукка, киши өлтүрүүгө, жол кырсыгына жана башкаларга катышкан деп айыпталууда. Кеп акыры согушка жөнөтүлө турган адамдар жөнүндө болуп жатат... Албетте, украиндер жайгашкан өлкөлөрдүн өкмөттөрү аларды биринчилерден болуп отко ыргытат”, — деп айтылат макалада. Буга чейин 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге согуштук абал учурунда Украинадан чыгууга тыюу салынган.