Жапаров Ташкентте Мирзиёев менен жолукту. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Ташкентте эки тараптуу кызматташуу жана өз ара келишимдерди ишке ашырууну талкуулады. Бул туурасында өзбек президентинин маалымат кызматы билдирди.
Кеп ири алдыда товар айлантууну көбөйтүү жана өнөр жай, транспорт, энергетика жана инфраструктура тармактарында маанилүү кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө жүргөн.
Мындан сырткары, алар аймак аралык байланыш жана гуманитардык-маданий алака-катыштардын маанилүү экендигин белгилешкен. Эки президент аймактагы коопсуздук маселелерин да талкуулаган.

Жолугушуунун соңунда Жапаров Мирзиёевге кыргыз тилине которулган "Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу" аттуу китепти тапшырган.
Эске салсак, Жапаров Ташкентте Борбордук Азия мамлекет башчыларынын VII консультативдик жолугушуусуна катышмакчы.
Кара-Сууда "Көкчө-Көз" транспорттук-логистикалык борбору иштей баштады