Трамп Би-би-сиге койгон доосу 5 млрд. долларга жетерин билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп британдык Би-би-си корпорациясына каршы сотко кайрылып, доонун суммасы 1-5 миллиард долларга чейин болорун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамп медиауюм айткандарымды бурмалаган деп даттанууда. Ал журналисттерге доонун так суммасын келерки аптада тактап айта турганын билдирген.
Ал Би-би-си кечирим сураганын жана репортажды өчүргөнүн, бирок кенемте төлөгөндөн баш тартканын белгилеген.
Белгилей кетсек, Би-би-синин башкы директору Тим Дэви жана аткаруучу директор Дебора Турнесс 9-ноябрда АКШ президентинин сөздөрүн бурмалаганы үчүн сынга кабылып, кызматтан кетерин билдиришкен.
The Telegraph гезити Би-би-си Трамптын 2021-жылдын январь айында сүйлөгөнүн бурмалап, ал Капитолийдеги башаламандыктарды кубаттагандай таасир калтырганын жазган. Трамп журналисттерди "коррупционер", ал эми корпорациянын жетекчилигин "намыссыз" деп атаган. Кийинчерээк АКШ лидери аталган корпорацияны сотко бере тургандыгын айткан.
Трамп мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн кампаларды сатып алмакчы