БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт спортчу Валентина Шевченконун алдыда боло турган беттешин "супермушташ" деп атады.
Маалымат жыйынында журналист Дана Уайттан фанаттардын көпчүлүгү Шевченко менен кытайлык Вейли Жангды бардык доорлордун эң мыкты мушкер кызы наамы үчүн таймашат деп эсептей турганын айтып, бул пикирге “кошулат белеңиз” деп сураган.
"Ооба, бул чыныгы супер мушташ. Өз дивизиондорунун эки чемпиону, pound for pound рейтингиндеги биринчи номер экинчи номерге каршы чыгып жатат. Мындан мыктысы болбойт”, — деген Уайт.
Ушул жекшембиде Валентина Шевченко дагы бир UFC чемпиону менен таймашка чыгып, өз титулун коргойт. Беттеш спорттун эң белгилүү аренасы — Мэдисон Сквер Гарденде (Нью-Йорк) өтөт.
Кыргызстандык чемпиондун боло турган бул беттеши аптанын эл көп талкуулаган окуясы болууда.