БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын аймагында мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк медициналык борбор ачылып, ага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы билдирди.
Жаңы мектеп 570, бала бакча 140 орундуу, ал эми медициналык жай 40 миңдей жаранга ылайыкталган. Аталган жайлар резиденциянын тегерегинде жайгашкан калктуу пунктулардын элин тейлейт.
Президент иш-чарада төмөнкүлөргө токтолду:
ушул жылдын 10 айында республикада 118 мектеп, бала бакчанын курулушу, оңдоп-түзөө иштери бүттү. Жыл аягына чейин дагы 32 мектеп пайдаланууга берилет;
бюджеттин эсебинен 25 оорукана, бейтапкана курулуп жатат. 22 объект оңдоп-түзөлүүдө;
2026-жылы Бишкекте медициналык кызматтардын бардыгы бир жерден көрсөтүлө тургандай, беш миң койкага ылайыкташкан медициналык шаарча курулат;
учурда мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом. Ал эми келе жаткан жылдын 1-апрелинен тартып көбөйгөндөн кийин 40 миң сомдун тегерегин түзөт;
тоолуу аймактарда математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 809 сом, көбөйгөндөн кийин 80 860 сомду түзөт.