БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Украиналык мигранттардын Германияга агылышынан улам өлкө канцлери Фридрих Мерц менен Украин бийлигинин башчысы Владимир Зеленский ортосунда саясий ырк кетти. Бул тууралуу британиялык The Telegraph басылмасы жазганын РИА Новости жарыялады.
Зеленскийдин акыркы чечимдеринен кийин Германияны көздөй кеткен украин эркектери көбөйгөн. Бул өз кезегинде Берлин менен Киевдин мамилесинде чыңалууну жаратып жатканы айтылат.
Мерцке ички коомчулуктун басымы күч болууда. Ал элди миграцияны көзөмөлдөй аларына ынандырууга аракеттенүүдө.
Канцлер Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, Германияга чыгып кетип жаткан жаш украин жарандарын аскерге тартуу боюнча чараларды көрүүнү суранды.
Анын алдында Германия өкмөтү 2025-жылдын 1-апрелинен кийин өлкөгө кирген украиндер эми жумушсуздук жөлөк пулунун ордуна качкын макамына ылайык аз өлчөмдөгү акча ала турган чечимди колдогон.
Немец өкмөтүнүн маалыматына караганда, 1-апрелден бери өлкөгө 83 миңден ашык украин жараны кирген. Теориялык жактан булардын баары жаңы эрежелерге туш келиши мүмкүн. Бирок өкмөт булардын канчасы жумушсуздук жөлөк пулун алып жатканын же иш таап иштеп кеткенин айта элек.