БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн комиссиясынын алдында түзүлгөн Балдар кеңешинин I жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Балдар кеңешин түзүү тууралуу чечим быйыл жайында Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн V жыйынында кабыл алынган.
Кеңештин курамына КМШнын ар бир өлкөсүнөн экиден бала кирди. Кыргызстандан Бишкек шаарындагы Токомбаев атындагы №24, Токаев атындагы №33 мектеп-гимназиялардын 10-классынын окуучулары Адеми Саипова, Нурэл Орунтаев барган.
Жыйында окуучулар “Балдардын коомдук жашоого активдүү катышуу укугу. КМШ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” темасында сүйлөшкөн.
Ошондой эле кеңештин 2025–2027-жылдарга карата иш-планы бекитилип, экинчи жыйынды 2025-жылдын күзүндө Казакстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.
Расмий бөлүк аяктагандан кийин катышуучулар Минскидеги Улуттук көркөм чыгармачылык жана жаштар борборунда уюштурулган концертти көрүштү. Андан соң алар Улуу Ата Мекендик согуштун музейине да барышты.