Бишкекте №66 жаңы электробус каттамга чыкты. Схемасы

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бүгүндөн баштап Бишкекте №66 жаңы электробус каттамга чыкканын мэриядан маалымдашты.
Коомдук транспорт Көлмө конушунан тартып 8-кичи районго чейин жүрөт.
Маршруттун багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — Махатма Ганди көчөсү — Жаш гвардия бульвары — Чүй проспекти — Бейшеналиева көчөсү — Киев көчөсү — Байтик баатыр проспекти — Токомбаев проспекти, ал эми акыркы аялдама 8-кичи район.
Мэрия электробустарда кондиционер орнотулганын, USB-кубаттагычтар бар экенин билдирди. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү коомдук транспортту таза кармоого жана кубаттагычтарды абайлап колдонууга чакырды.
Бишкектин транспорттук тутуму кандай өзгөрөт. Башкы план