Бишкектеги "Антикинолордон" сексуалдык максатта колдонулуучу буюмдар табылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы "Антикинолордо" мыйзам бузуулар аныкталганын Бишкек ШИИББ маалымдады.
Шаардык милиция 20дан ашык мындай жайларды текшерген. ШИИББдин маалыматы боюнча, алар кино көрсөтөбүз дегени менен иш жүзүндө кардарларына, анын ичинде жашы жете электерге чоңдор үчүн интернет-контентке (+18) жол ачышат. Милиция айрымдарында сойкулукка көмөктөшүү фактылары болушу мүмкүндүгүн жана жаш куракты текшеришпегенин айтты. Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") ылайык иш козголгон.
Тергөө иштеринин алкагында "Антикинолорго" тинтүү жүргүзүлүп, сексуалдык максатта колдонулуучу буюмдар, пневматикалык тапанча жана страйкболдук эки автомат табылган. Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы тургундардан мындай жайлар же өспүрүмдөрдү мыйзамга каршы аракеттерге тартуу фактылары тууралуу маалымат болсо, 102 номерине кабарлоону өтүндү.
Балдарга түнкүсүн сак болуңуз! Бишкекте "Антикино" рейди жүрүүдө