Аскерлерге эскирип кеткен азык-түлүк жеткирип жүргөндөр кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Аскер бөлүктөрүн сапатсыз, эскирген азык-түлүк менен камсыздоого шектелген ишкерлер кармалганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, жеке ишкерлер В.Х., В.К., жана К.С. алдын ала сүйлөшүп алып, ушул ишке барышкан.
“Алар азык-түлүктөрдүн этикеткаларын жана өндүрүүчүлөрдүн белгилерин жасалмалап, туура эмес даталарды коюп, техникалык талаптарга жана санитардык нормаларга жооп бербеген продукцияларды аскер бөлүктөрүнө жеткирип келишкен”, — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, В.К. аттуу жеке ишкер камакка алынган.
Учурда тергөө органы тарабынан башка Куралдуу күчтөрдүн аскер кызмат адамдарынын бул кылмышка катыштыгын аныктоо чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК улуттук университеттин мугалимин документ жасалмалоого айыптап кармады