Бишкек: көп кабат үйдөн өрт чыгып 3 киши терезеден секирген. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте көп кабат үйдөн өрт чыгып 3 киши терезеден секирген. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн таңда Айтматов проспектиндеги көп кабат үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу кабар түшкөн. Батирлердегилерди кайгуулчулар кран, тепкичтер менен эвакуациялай баштаган. Дүрбөлөңгө түшкөн 3 киши өз алдынча качып чыгууга аракет кылып, терезеден секирип жаракат алган. Аларга тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөнүн белгилешти.
ӨКМден саат 6:20да төрт бригада барганын, куткаруучулар 50 адамды эвакуациялаганын билдиришти.Тилсиз жоо саат 08:50дө чектөөгө алынып, күйгөн аянт болжол менен 800 чарчы метрди түзгөн. ӨКМчилер өрттү өчүрүп жатышат.

Саламаттык сактоо министрлиги терезеден секирип эже-сиңди эки кыз жаракат алганын билдирди. 22 жаштагы кыздын омурткасы сынып кеткен. Бирок жүлүнгө зыян келген эмес. Андан сырткары, башынан жаракат алган. Учурда ооруканада. Ал эми анын бир тууганы да жабыркап, бирок ооруканада дарылануудан баш тарткан.
Бишкекте Mercedes даракты сүзүп, толугу менен күйүп кетти