Жапаров: энергосистемабыз жомокко айланчу мезгил алыс эмес

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын энергетикалык системасы жомокко айлана турган мезгил алыс эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып билдирди.
Өлкө башчысы акыркы убакта кызуу талкууланып жаткан электр энергиясы, коррупция, майнинг-фермалар боюнча суроолорго жооп берген.
"Мындан 20 жыл мурда "Кумтөрдү мамлекетке алалы, өзүбүз иштетели, алтын өзүбүздө калат, элибизди байыталы, мамлекет көрүнгөнгө жалдырап грант сурабай калат" дегенимде көп киши жомок катары кабыл алган. Эл аралык соттон утулабыз, утсак да өзүбүз иштете албайбыз, пенсия, пособие төлөй албайбыз деп шылдыңдагандардын баарынын азыр деле көзү тирүү. Жомокту реалдуулукка айлантып койдук го. Кудай буюрса, энергосистемабыз дагы жомокко айлана турчу мезгил алыс эмес", — деди Жапаров.
Өлкө башчысы ушу тапта бийлик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер эртеби-кечпи, жемишин берерин белгилеген.
Кыргызстанда 18:00дөн 6:00гө чейин электр энергиясы өчө турган мекемелердин тизмеси