Бишкекте таштандыны иштеткен заводго тиричилик калдыктары жеткириле баштады

Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү жаңы заводго катуу тиричилик калдыктары жеткирилди. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Сынамык иретиндеги жасалып жаткан иш-чарага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышкан.
1 / 4

Бүгүн Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү жаңы заводго катуу тиричилик калдыктары жеткирилди

2 / 4

Сынамык иретиндеги жасалып жаткан иш-чарага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышкан

3 / 4

Заводдун курулушу учурда акыркы этабында, толугу менен 2025-жылдын 26-декабрында ачылат

4 / 4

Долбоор 2023-жылдын ноябрында кол коюлган келишимдин алкагында ишке ашырылууда

"Пилоттук режимдин алкагында 17 атайын техника бирден рейс жасап, жалпы жонунан 126 тонна таштанды жеткирди. Көлөм 1 000 тоннага жеткенден кийин таштандыны утилдештирип, андан соң электр энергиясын өндүрүү процесси ишке киргизилет", — деп айтылат маалыматта.
Заводдун курулушу учурда акыркы этабында, толугу менен 2025-жылдын 26-декабрында ачылат.
Долбоор 2023-жылдын ноябрында кол коюлган келишимдин алкагында ишке ашырылууда. 2024-жылдын 29-мартында курулушка министрлер кабинетинин төрагасы мезгил кутучасын салган.
Ташиев Балыкчынын коммуналдык кызматтарына 100 млн. сомдук техника тапшырды