БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөнүн бардык аймагындагы базарларда, супермаркеттерде, дүкөндөрдө жана гипермаркеттерде социалдык маанилүү товарлардын баасына күчөтүлгөн тартипте мониторинг жүргүзүп баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча товарлардын базардагы баасы улам катталып тургандыктан, кайсынысынын наркы кескин өсүп кеткени дароо анык болот.
Белгилей кетсек, социалдык маанидеги товарлардын катарына ун, нан, суу май, эт, кумшекер, жумуртка, картошка, сабиз, пияз ж.б. кирет.
Эгер баа негизсиз жогорулатылган болсо же мамлекеттик жөнгө салуу тартиби бузулса, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкү номерлер менен кайрылыңыз:
Борбордук аппарат: Бишкек ш., Байтик баатыр көч., 7б/1 — 0312 56 31 97;
Чүй облусу: (312) 66 52 04;
Бишкек шаары: (312) 66 49 44;
Ош облусу: (3222) 5 50 97;
Ош шаары: (3222) 5 63 42;
Баткен облусу: (3622) 5 03 23;
Талас облусу: (3422) 5 58 51;
Ысык-Көл облусу: (3922) 3 18 86;
Жалал-Абад облусу: (3722) 7 00 25;
Нарын облусу: (3522) 5 09 53.