БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Сокулукка караштуу Комсомольское айылында таштанды челектен ымыркайдын сөөгү табылды.
Бул тууралуу маалымат милицияга 12-ноябрда түшкөнүн Чүй ОИИББ билдирди.
"Ымыркайдын сөөгү ак пакетке салынып, үстүнө кара футболка оролгон. Киндиги кесилген эмес. Ал эмнеден улам чарчап калганын аныктоо үчүн сөөгү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин ("Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү") белгилери боюнча иш козголду.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары аталган айылда убактылуу жашап жүргөн 23 жаштагы А.Ф. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.