БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россия ар дайым украин жаңжалынын тынч жол менен чечилишине кызыкдар болуп келген, мында Киевдин демилитаризацияланышы жана денацификацияланышы зарыл талап. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифинг учурунда билдирди.
"Минск макулдашуулары Киев режими жана аны шыкактап, аскердик колдоо көрсөтүп келген Батыш тарабынан бузулган. Кырдаал ошондон кийин курчуган. Анткен менен Россия чырды тынч жол менен чечүүгө ыктап келет", — деди Захарова.
Эскерте кетсек, 2014-жылдан 2022-жылга чейин созулган Донбасстагы жаңжал учурунда Минск кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн аянтча болуп берген. Украинанын түштүк-чыгышындагы чырды чечүүчү биринчи протоколго 2014-жылдын сентябрында Минскиде кол коюлган. Ал эми макулдашуу шарттарынын аткарылышы боюнча көрүлчү чаралардын комплексине ("Минск-2") 2015-жылдын 12-февралында кол коюлуп, бекитилген. 13 пунктудан турган документте негизинен Донбасстагы атышууну токтотуу, аскердик техниканы алып чыгуу, ошондой эле тынчтыкка келүүчү башка бир катар чаралар каралган.
Киев Минск макулдашууларынын шартын байма-бай бузуп келген, натыйжада 2022-жылы 22-февралда Россия Луганск жана Донецк республикаларын тааныган. РФ президенти Владимир Путин Донбасс республикалары Киевдин Минск макулдашууларын аткарбай турганын жар салышынан кийин таанылганын билдирген. Президенттин айтымында, күтүүгө убакыт калган эмес. "Минск-2" Украинадагы россиялык атайын операция башталганга чейин Донбасстагы абалды жөнгө салууну шарттаган документ эле.
Көп өтпөй Украинанын экс-президенти Петр Порошенко, Франциянын мурунку өлкө башчысы Франсуа Олланд, Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель жана Улуу Британиянын мурунку премьери Борис Жонсон Франция да, Германия да, Улуу Британия да макулдашууну олуттуу кабыл албаганын жана мындан улам украин бийлигинен аны аткарууну талап кылууга ниеттенбегенин айтып чыгышкан. Алар бул убакыт Киевге күчтөнүп, Россия менен согушка даярдык көрүү үчүн пайдаланылганын билдиришкен эле. Меркелдин айтымында, Минск макулдашуусунун бардык катышуучулары Украинадагы талаш биротоло бүтпөстөн, убактылуу гана токтотулганын жакшы түшүнгөн.