БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ошто түнкү саат 22:00дө жабылбаган кафе-ресторандарда бир ай жарык жана суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэри Жеңишбек Токторбаев түнкү рейд учурунда билдирди.
Ал "жымжырттык" мыйзамынын аткарылышын өзү текшерип чыгып, буга чейин берилген эскертүүгө карабастан иштеп жаткан бир нече тамактануучу жайды аныктаган.
"Эскертүү берилген, укпай жатсаңар ушундай болот!" — деди Токторбаев кафе ээлерине.
Ал ошондой эле компьютердик клубдарды дагы текшерип, аларды такыр жаап салуу керектигин белгилеген.