Медицина кызматкерлери иш учурунда бейтаптардан же алардын туугандарынан зомбулук көргөн учурлар көбөйүп кеткен. Укук коргоо органдары да ага олуттуу караган эмес. Бул тууралуу Акпай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлерге кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүү мыйзамы маселе бышканда чыкты.
"Президентибиз Садыр Жапаров медиктерди жана мугалимдерди колдогон мыйзам долбооруна кол койду. Бул абдан тездик менен кабыл алынды. Аталган мыйзам чынында бышып калган. Себеби акыркы эки-үч жылда дарыгерлерге кол көтөргөн учурлар абдан көбөйүп кеткен. Мурда деле болчу, бирок мынчалык эмес. Ал кезде көбүнө көз жумганы менен акыркы кезде медицина кызматкеринин ооруканага жатып калышына жеткирген учурлар болду. Өкүнүчтүүсү, мыйзам чыга электе укук коргоо органдары мындай окуяларга кош көңүл карап койчу. Ал эми дарыгер арызынын артынан чуркап, териштиргенге убактысы да жок. Себеби иш көп", — деди Сарыбаев.
Ал мыйзамдын кагаз жүзүндө калбай иштеп кетиши керектигин белгиледи.
"Мыйзамдын аткарылышы үчүн бардык жерге видеобайкоо койсо тартипке келет. Бул, бир чети, коррупция менен да күрөшүү. Бейтаптарды тейлөөдө санариптешүү жолдорун колдонсо дарыгерге кезек күткөндөрдүн арасында да нааразычылык жаралбайт эле. Ошондой эле кол көтөрүү болгон учурда жабырлануучу жазган арызы кайсы этапта каралып жатканын онлайн көзөмөлдөп туруу системасы жакшы иштесе, мыйзам иштеп кетмек. Ошондуктан системага реформалар да керек", — деди Сарыбаев.
Ал медиктер менен мугалимдерге кол көтөргөндөр жазасыз калбашы керектигин кошумчалады.