БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Өлкө башчынын дагы бир жарлыгы менен бул кызматка Кудайберген Базарбаев дайындалды.
Кудайберген Базарбаев
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Базарбаев 2023-жылдан бери Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп келген.