БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы кант диабети, онкологиялык оорулар, невроз жана ашыкча салмакты чет өлкөлүктөргө виза берүүдөн баш тартууга негиз деп кароого тапшырма берди. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин документтерине таянуу менен Washington Post жазды.
"Өлкөгө кирүүнү каалаган адамдын ден соолугун эске алуу зарыл. Жүрөк-кан тамыр системасынын илдетин, респиратордук, онкологиялык ооруларды, диабет, зат алмашуунун бузулушун, неврологиялык жана психикалык дарттарды дарылоого жүз миңдеген доллар корошу мүмкүн", — деп айтылат документте.
Мамдепартамент пенсия курагындагы адамдарга, ата-энеси улгайгандарга жана майыптыгы бар адамдарды карагандарга да виза берүүдөн баш тартууну сунуштап жатат.
РИА Новости АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына таянуу менен Трамп экинчи ирет бийликке келгенден тарта мыйзамсыз жүргөн 527 мигрант депортацияланганын билдирди.