БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Британиялык Би-би-си телерадиокомпаниясы АКШ президенти Дональд Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн кечирим сураган катын жолдоп, бирок талап кылынган компенсацияны төлөөдөн баш тартканын РИА Новости жазды.
Telegraph гезити буга чейин корпорация кат даярдап жатканын кабарлаган.
"Би-би-синин төрагасы Самир Шах Ак үйгө жеке кат жолдоп, президент Трампка ал жана корпорация 2021-жылдын 6-январында программада көрсөтүлгөн баяндаманы редакциялаганына өкүнөрүн билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Би-би-си ошондой эле бул доо кое турган иш эмес экенин айтып, Ак үйдүн башчысынын компенсация төлөө талабын канааттандыруудан баш тарткан. Компания Трамптын сөзү бурмаланган Panorama эпизодун кайра көрсөтүү планы жок экенин белгилеген.
Белгилей кетсек, Би-би-синин башкы директору Тим Дэви жана аткаруучу директор Дебора Турнесс 9-ноябрда АКШ президентинин сөздөрүн бурмалаганы үчүн сынга кабылып, кызматтан кетерин билдиришкен.
The Telegraph гезити Би-би-си Трамптын 2021-жылдын январь айында сүйлөгөн сөзүн бурмалап, ал Капитолийдеги башаламандыктарды кубаттагандай таасир калтырганын жазган. Трамп журналисттерди "коррупционер", ал эми корпорациянын жетекчилигин "намыссыз" деп атаган. Кийинчерээк АКШ лидери Би-би-сини сотко берерин айткан.