Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, ушу тапта коомчулукта талкууланып жаткан майнинг-фермалардын иши тууралуу айтып берди. Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгынан улам иштеп жаткан майнинг-фермалардын баары өчүрүлгөнү айтылган болчу. Жапаровдун айтымында, өлкөдө иштеген эки майнинг-ферма тең өзүнүн көзөмөлүндө. Азыр алардын иши токтоп турат. "Биринчиси — 30 МВт менен 2023-жылдан бери иштеп келе жаткан Кеминдеги "Соларкоин" майнинг-фермасы. Электр энергиясын толугу менен Россиядан Казакстан аркылуу алат. Транзиттен бүгүнкү күнгө чейин 172 миллион сом түштү. Экинчиси — Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги ферма. ГЭСке өзүбүз суранып жүрүп курдурдук. 2009-жылы ГЭС салынганда 120 МВт менен ишке кирген экен. 120 МВттын 30 МВты иштелип чыкпай кала берген. Бекер кетирбей ошол 30 мегаватты сатып алып жатышат", — деди президент. Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп бүткөндөн кийин майнинг-фермаларды бийлик өзү издеп каларын, анткени энергияны кимге сатууну билбей, айрыкча жаз, жай, күз мезгилдеринде кардар издеп калган убак болоруна белгилеген.
Бишкекте бир суткада 64 унаа мыйзамсыз токтотулгандыгы үчүн эвакуацияланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы башаламан токтогон унааларды эвакуациялоо боюнча рейд жүргүздү. Анын алкагында бир күн ичинде атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерлерге, таштанды челектердин алдына жана аялдамаларга токтогон 64 унаа эвакуацияланып, айып короо жайына киргизилди.
Талас облусунда мыйзамсыз балык уулаган 2 жаранга айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-ноябрда Үрмарал өзөнүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, жеринде тактоо иштери жүргүзүлдү. Натыйжада эки жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык экөөнө эки укук бузуу протоколу түзүлгон.Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы балык ресурстарын коргоо — биотүрдүүлүктү сактоонун маанилүү бөлүгү экенин эскертет жана жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.
ЕАЭБден чыгуу Армениянын экономикасын жабыркатат. Бул тууралуу өлкө парламентинин экс-депутаты, "Сильная Армения с Россией" кыймылынын координатору Айк Бабуханян билдирди. Бүгүн Ереванда "Евразиялык интеграция жана Армения Рсепубликасынын экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги" аталышындагы тегерек стол өттү. Ага Казакстан, Кыргызстан, Россия, Беларусь, Армения жана Грузия менен Молдовадан эксперттер катышкан. Бабуханян ЕАЭБдин аркасы менен Армения экономикасын кыйла ирдентип алганын белгиледи. "Эгер уюмга интеграция уланса Армения ийгиликке жетет, болбосо экономикалык көрсөткүчтөр эле ылдыйлабастан, көптөгөн социалдык маселелер да жаралат", — деген экс-депутат. Анын айтымында, Армения ЕАЭБге киргенде каршы чыккандар азыр да Еревандын позициясын солгундатууга аракет кылып жатышат.