Кыргызстанда салык системасын жөнөкөйлөтүү жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүү багытында бир катар реформалар ишке ашып жатканын Нурбек Исмаил уулу "Ачык кеп" программасында билдирди. Өкмөт бизнеске болгон административдик басымды азайтуу, электрондук кызматтарды кеңейтүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча чараларды күчөттү.
Маекте Нурбек Исмаил уулу учурдагы салык саясатынын негизги багыттары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, басым өндүрүш, айыл чарба жана IT секторуна жасалууда. Бул тармактарда салыктын айрым түрлөрү боюнча жеңилдиктер жана стимулдар каралган.Мындан тышкары, салык системасынын санариптешүүсү чоң натыйжа берүүдө. Электрондук эсеп-фактуралар, онлайн кассалык машиналар жана салыктык отчеттуулуктун автоматташтырылышы салык чогултуунун ачыктыгын камсыздоодо.