Кыргызстандын энергетикалык системасы жомокко айлана турган мезгил алыс эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп жатып билдирди. Өлкө башчысы акыркы убакта кызуу талкууланып жаткан электр энергиясы, коррупция, майнинг-фермалар боюнча суроолорго жооп берген. "Мындан 20 жыл мурда "Кумтөрдү мамлекетке алалы, өзүбүз иштетели, алтын өзүбүздө калат, элибизди байыталы, мамлекет көрүнгөнгө жалдырап грант сурабай калат" дегенимде көп киши жомок катары кабыл алган. Эл аралык соттон утулабыз, утсак да өзүбүз иштете албайбыз, пенсия, пособие төлөй албайбыз деп шылдыңдагандардын баарынын азыр деле көзү тирүү. Жомокту реалдуулукка айлантып койдук го. Кудай буюрса, энергосистемабыз дагы жомокко айлана турчу мезгил алыс эмес", — деди Жапаров. Өлкө башчысы ушу тапта бийлик тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер эртеби-кечпи, жемишин берерин белгилеген.
Бишкек шаарынын мэри "Түнкү тыныгуу" мыйзамы боюнча саат 22:00дөн тарта кафе-ресторандарда электр энергиясын өчүрүү маселесине байланыштуу суроолорго жооп берди. Ал Sputnik агенттигине норма негизинен той-топур өткөргөн ресторандарга тиешелүү экенин, алар иш-чараларын 22:00гө чейин бүтүрүшү зарылдыгын белгиледи. Мэрдин кебинин урунттуу учурлары булар: чакан кафелер энергия көп сарптаган шаймандарын өчүрүп, жарыкты азайтып, үндү басаңдатышса, иш убактысын узартуу маселеси каралат; түнү бою иштеген жана тамак даярдаган жайлардын генераторунун үнү үйлөргө угулбаса 22:00дөн кийин да иштей алышат; нормалардын сакталышы жана ошол эле учурда бизнеске да шарт түзүү максатында сунуштар иштелип чыгат; ишкерлерде сунуш болсо, мэрия аларды талкуулоого жана орток чечим табууга даяр.
Баткен районунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен ири айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Мекемеден маалымдашкандай, жарманкенин негизги максаты — калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү фермерлерге өз продукцияларын түз сатууга шарт түзүү. Иш-чарада айыл чарбасына тиешелүү товарлар кеңири ассортиментте базар баасынан бир топ төмөн баада сунушталууда. Мисалы, уй эти 640 сомдон сатылууда. Мындан тышкары, жарманкеде ун, буудай, кумшекер, жашылча-жемиштер, кургатылган жана кайра иштетилген азыктар арзандатылган баада сатылууда. Министрлик мындай жарманкелер кышкы мезгилге даярдык жана баанын турукташуусун камсыздоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында уюштуруларын белгилейт.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы кант диабети, онкологиялык оорулар, невроз жана ашыкча салмакты чет өлкөлүктөргө виза берүүдөн баш тартууга негиз деп кароого тапшырма берди. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин документтерине таянуу менен Washington Post жазды. "Өлкөгө кирүүнү каалаган адамдын ден соолугун эске алуу зарыл. Жүрөк-кан тамыр системасынын илдетин, респиратордук, онкологиялык ооруларды, диабет, зат алмашуунун бузулушун, неврологиялык жана психикалык дарттарды дарылоого жүз миңдеген доллар корошу мүмкүн", — деп айтылат документте. Мамдепартамент пенсия курагындагы адамдарга, ата-энеси улгайгандарга жана майыптыгы бар адамдарды карагандарга да виза берүүдөн баш тартууну сунуштап жатат.