Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөнүн бардык аймагындагы базарларда, супермаркеттерде, дүкөндөрдө жана гипермаркеттерде социалдык маанилүү товарлардын баасына күчөтүлгөн тартипте мониторинг жүргүзүп баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча товарлардын базардагы баасы улам катталып тургандыктан, кайсынысынын наркы кескин өсүп кеткени дароо анык болот. Белгилей кетсек, социалдык маанидеги товарлардын катарына ун, нан, суу май, эт, кумшекер, жумуртка, картошка, сабиз, пияз ж.б. кирет. Эгер баа негизсиз жогорулатылган болсо же мамлекеттик жөнгө салуу тартиби бузулса, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.
Ошто түнкү саат 22:00дө жабылбаган кафе-ресторандарда бир ай жарык жана суу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэри Жеңишбек Токторбаев түнкү рейд учурунда билдирди.Ал "жымжырттык" мыйзамынын аткарылышын өзү текшерип чыгып, буга чейин берилген эскертүүгө карабастан иштеп жаткан бир нече тамактануучу жайды аныктаган. "Эскертүү берилген, укпай жатсаңар ушундай болот!" — деди Токторбаев кафе ээлерине. Ал ошондой эле компьютердик клубдарды дагы текшерип, аларды такыр жаап салуу керектигин белгилеген.Эскерте кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалы аркылуу кайрылуу жасап, өкмөт тынчтыкты сактоо токтомун кабыл алганы менен көп жерлерде бул тартип сакталбай жатканын айткан. Шаардын мэрлери, райондун акимдери, облустун губернаторлору, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү мыйзамды аткартышы керектигин белгилеп, кимдир бирөө тартипке баш ийбесе, жарыгын өчүрүп коюу керектигин айткан.
Аскер комиссариаттарынын үч кызматкери пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 13-ноябрда КР Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкери камакка алынды. Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" жана "Опузалап пара алуу" беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалды. Учурда аскер прокуратура органдары тарабынан кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо максатында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Британиялык Би-би-си телерадиокомпаниясы АКШ президенти Дональд Трамптын сөзүн бурмалаганы үчүн кечирим сураган катын жолдоп, бирок талап кылынган компенсацияны төлөөдөн баш тартканын РИА Новости жазды. Telegraph гезити буга чейин корпорация кат даярдап жатканын кабарлаган. "Би-би-синин төрагасы Самир Шах Ак үйгө жеке кат жолдоп, президент Трампка ал жана корпорация 2021-жылдын 6-январында программада көрсөтүлгөн баяндаманы редакциялаганына өкүнөрүн билдирген", — деп айтылат маалыматта.Би-би-си ошондой эле бул доо кое турган иш эмес экенин айтып, Ак үйдүн башчысынын компенсация төлөө талабын канааттандыруудан баш тарткан. Компания Трамптын сөзү бурмаланган Panorama эпизодун кайра көрсөтүү планы жок экенин белгилеген.