“Үнөмдөөнүн дүйнөлүк күнүнө” (Всемирный день сбережений) карата уюштурулган маекке Улуттук банктын өкүлү келип, бул датанын максаты, Кыргызстанда качантан бери белгиленип келери жана быйылкы иш-чаралардын өзгөчөлүгү, дегеле калктын бул жааттагы финансылык сабаттуулугу тууралуу айтып берди. Улуттук банк бул күндү утурлай кандай иш-чараларды өткөрүүдө, буга чейинкилеринин жыйынтыгы кандай болду, бүгүнкү күндө калктын канча пайызы акчасын банктардагы депозиттерге салып, үнөмдөөгө аракет кылат, акыркы жылдары элдин үнөмдөө адатында өсүү же төмөндөө байкалабы, эл акчасын кайсы валютада үнөмдөөнү тандайт деген өңдүү суроолорду узатып жооп алдык.