Астанада Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өкмөттөр аралык кеңештин 13-жыйыны болду. Анда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы маселелери каралган. Соода жана инвестиция жаатында эки тараптуу мамилелердин активдешип жатканы белгиленген. Ушул жылдын 9 айында өз ара сооданын көлөмү 1,7 миллиард долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 пайыз көбөйгөн. Ошондой эле Казакстандын Кыргызстанга мунай жана мунай заттарын өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жеткирүү механизмин иштеп чыгуу талкууланган. Мындан тышкары, эки тараптуу соодага олуттуу дем бере турган "Кичи-Капка – Бесагаш", "Ак-Тилек – Карасуу" жана "Каркыра – Кеген" көзөмөл-өткөрүү бекеттерин реконструкциялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, "Төмөнкү Чүй – Ак-Суу" пунктунун ишин калыбына келтирүү сүйлөшүлгөн.
Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилди. Тиешелүү буйрукту министрлер кабинети жарыялаган. Документтин негизги учурлары Саат 18:00дөн 6:00гө чейин электр энергиясы бул мекемелерде болбойт: стратегиялык объектилерди кошпогондо министрликтер, мекемелер жана мамлекеттин катышуусу менен чарба жүргүзүүчү субъектилер;Билим берүү уюмдарында окуу процесси аяктаган учурдан кайра башталганга чейин;ошондой эле жогоруда аталган бардык мекемелердин коридорлорунда, санитардык жайларга жана башка иштебеген жерлерге кыймыл датчиктерин орнотуу тапшырмасы коюлду. Жетекчилер режимдин сакталышы үчүн жооптуу адамдарды дайындап, аткарылышын көзөмөлдөйт.
Жалал-Абадда эттин баасына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Күн мурун президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери Манас шаарындагы бир катар соода жайларына барып, эттин баасын текшерүүгө алды. Кыдыруу учурунда эттин баасын кескин кымбат саткан соода жайларынын ээлерине эскертүү берилип, айып пулдар салынды. Соода объекттеринде эттин баасы 680 сомдон 700 сомго чейин сатылуусу керектиги эскертилди. Бул чаралар эттин баасынын кымбаттоосун токтотуу жана калк үчүн социалдык маанилүү продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында колго алынууда. Көзөмөлдөө аракеттери облустун бардык аймактарында күчөтүлөт.
Алдыдагы кыш Украина үчүн атайын аскердик операция башталгандан берки эң катаал мезгил болушу мүмкүн экенин Politico жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Басылма ушу тапта Киев каржылоо жаатында кыйынчылыкка туш болгонун белгилеген. Буга кошумча, фронттогу абал начарлап, өлкө коррупциялык жаңжалдын чордонунда калган. Мындан тышкары, гезит энергетикадагы каатчылык кырдаалды оорлотуп жатканын жазды. "Быйылкы кыш былтыркыга караганда алдан канча оор болчудай", — деген Украинанын мурунку энергетика министри Ольга Богуславец.