600 үгүтчү алган талапкерлер бар – ЖК шайлоосунун үгүт өнөктүгү кандай жүрүүдө?

Sputnik
Мөөнөтүнөн мурда жарыяланган парламенттик шайлоонун үгүт иштерине старт берилди. Шайлоого катышууга жалпысынан 467 талапкер катталды. Каттоо иштеринин жүрүшүндө айрымдар жарыштан четтетилип, талаш-талкуу менен да коштолду. Эми андан да кызык бөлүгү - үгүт иштери башталды. Чү дегенде эле үгүт жүргүзүү шарттарын бузган бир нече талапкерге айып салынды. Бүгүнкү “Күн башат" программасында дал ушул үгүт иштеринин жүрүшү тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов жооп берди.