Президент Садыр Жапаров, Талас шаарындагы "Баластан" балдар оюн-зоок борборунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Балдар борбору 6,5 гектар жерде жайгашып, 2026-жылы пайдаланууга берилет."Бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат",— деди президент. Ал ошондой эле "Манас Ордо" комплекси реконструкцияланып, борбордук парк жана аллеялар жаңыланып, 5 500 орундуу стадион жана ипотекалык турак жайлар курулуп жатканын белгиледи. "Талас шаарындагы өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун башаты катары "Баластан" оюн-зоок борборун куруу милдети турат. Муну аймактарды өнүктүрүү саясатынын айкын далили десем да болот", — деди президент. Өлкө башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сапатка жооп берген имарат тургузууга чакырды.
"Улуттук электр станциялары" ишканасы өлкөдө майнинг-фермалардын электр кубатынан кантип өчүрүшкөнүн көрсөттү. Алар 10-ноябрдан тарта эле электр бөлүштүрүүчү линияларды ажыраткан. Ишкана берген видеодон "МБТ Строй" деп аталган майнинг-ферманын кантип өчүрүлгөндүгүн көрүүгө болот. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда мындай эки объект расмий иштей турганын жана алардын министрлик менен келишими болгонун белгилеген."Анткен менен булар россиялык электр энергиясын колдонгон. Аталган майнинг-фермалар транзит үчүн бизге 22 млн. сом төлөп беришкен", — деди аткаминер. Эске салсак, бийлик бул кыштан кыйналбай чыгуу үчүн электр кубатын үнөмдөөнү байма-бай айтууда. Мындай кадам Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 миллиард метр кубга аз экендиги менен түшүндүрүлгөн.
Маркумдун карызы мүлкү менен кошо мураскерге өтөт. Бул тууралуу адвокат Бексултан Осмонов билдирди. Анын айтымында, мураскер мүлктүк укуктар менен кошо милдеттерди да мойнуна алат. "Адамдын байлыгы да, карызы да мурастын курамына кирет. Бирок мураскер маркумдун карызынан өзүнүн жеке мүлкү менен эмес, мураска алынган мүлк менен гана кутулат. Эгер мураскер болуп, маркумдун карызы бар экенин билсеңиз мүлктүн баасын тактап, карызды ырастаган документтерди текшерип чыгыңыз. Нотариус же юрист менен кеңешип, мураска жараша жоопкерчиликти аныктаңыз. Бул кийин боло турган талаш-тартышты алдын алат", — деди Осмонов. Ошондой эле ал ар бир мураскердин укугу мыйзам менен корголорун кошумчалады.
Италиялык ЖМКлар РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун интервьюсундагы Римге ыңгайсыз жерлерин өчүрүп, редакциялап коюшкан. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. Мекеме буга чейин Италиядагы алдыңкы гезиттердин бири Лавровдон эксклюзив кылып, интервью алууну сунуштаган. "Басылма суроолорду жөнөткөн. Министр алардын ар бирине токтолуп отурбай кенен жооп берген. Жарыялаганга даяр болуп калган", — деп жазылган маалыматта. Бирок гезит жоопторду жарыялоодон баш тартты. Алардын айтымында, Лавровдун сөздөрүндө "фактыларды текшерүүнү же кошумча түшүндүрмөлөрдү талап кылган талаштуу билдирүүлөр көп" болуп, "аларды жарыялоо материалдын көлөмүн ашыкча көбөйтүп жиберет" экен.