Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Сийярто коррупциядан улам Киевди каржылоону токтотууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Украинада коррупция күчөгөнүнө байланыштуу Евробиримдиктин каржылык жардамын токтотуу керек. Бул тууралуу Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто билдиргенин РИА Новости жазды.
"Брюссель Киевди бир нече жылдан бери Европанын акчасы менен каржылап келет. Ошол эле учурда Украинада коррупция күч алып кетти. Евробиримдиктин каражаты кандай сарпталганы боюнча так отчет жоктугу таң калычтуу эмес", — деп жазды саясатчы.
Венгриялык ведомствонун жетекчиси Владимир Зеленскийдин жакын чөйрөсүндөгү коррупция боюнча жакында эле жарыяланган фактыларды белгилеген.
"Ал эми Брюссель эмне кылып жатат? Зеленскийдин чөйрөсүндөгү ири коррупциялык тармактын бети ачылганына карабастан акча жөнөткүсү келип турат. Мындай акылсыздыкка жол берилбеши керек. Европа элинин акчасын Украинага жөнөтүүнү токтотолу!" — деди Сийярто.

Украинанын энергетикасындагы коррупциялык жаңжал

Дүйшөмбү күнү Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.
Агенттик ошондой эле Украинанын энергетика тармагындагы уурулук схемаларынан түшкөн акча Киевдин борборундагы кеңсе аркылуу адалданганын аныктаган.
Украина өкмөтү компанияны жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.
Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Батыш акырындап Киевге бөлүнгөн акча уурдалып жатканын түшүнө баштады