БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Россиянын тоңдурулуп турган каражатын конфискациялоонун кесепети болорун моюндады. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Ак үйдүн өкүлү россиялык каражат боюнча маселе менен финансы министри Скотт Бессент алек экенин белгилеп, конфискациялоого бир беткей пикир айтуудан карманган.
Эскерте кетсек, Евробиримдик лидерлери 23-октябрда Брюсселде өткөн саммитте Россиянын Борбордук банкынын тоңдурулган активин Украинага насыя катары берүү сунушу боюнча макулдашууга келе алышкан эмес. Маселе 18-19-декабрга белгиленген Европа кеңешинин жыйынында карала турган болду.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков ЕБдин кадамы менчиктин кол тийбестигине болгон ишенимди жок кыларын билдирген. Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва конфискацияга батыш мамлекеттеринин Россияда сактаган каражатын кайтарбай коюп жооп бериши мүмкүн экенин белгилеген болчу.
Ушу тапта Россиянын башкы банкынын 200 миллиард евродон ашуун акчасы Евробиримдикте тоңдурулуп турат, басымдуу бөлүгү Бельгиянын Euroclear системасынын эсебинде. Октябрдын башында Еврокомиссия 2025-жылдын январынан сентябрына чейин аталган каражаттан түшкөн кирешенин эсебинен Украинага 14 миллиард евро которгонун билдирди.