Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: алдыдагы кыш Украина үчүн 2022-жылдан берки эң катаал мезгил болушу мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Алдыдагы кыш Украина үчүн атайын аскердик операция башталгандан берки эң катаал мезгил болушу мүмкүн экенин Politico жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Басылма ушу тапта Киев каржылоо жаатында кыйынчылыкка туш болгонун белгилеген. Буга кошумча, фронттогу абал начарлап, өлкө коррупциялык жаңжалдын чордонунда калган. Мындан тышкары, гезит энергетикадагы каатчылык кырдаалды оорлотуп жатканын жазды.
"Быйылкы кыш былтыркыга караганда алдан канча оор болчудай", — деген Украинанын мурунку энергетика министри Ольга Богуславец.

Украинадагы коррупциялык жаңжал

Дүйшөмбү күнү Украинанын Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.
Агенттик ошондой эле Украинанын энергетика тармагындагы уурулук схемаларынан түшкөн акча Киевдин борборундагы кеңсе аркылуу адалданганын аныктаган.
Украина өкмөтү компанияны жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.
Кеңештин жаңы курамы бир жуманын ичинде өкмөткө киргизилиши керек. Министрлер кабинети Мамлекеттик аудит кызматына "Энергоатом" ишканасын, анын ичинде сатып алуу иштерин текшерүүнү тапшырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сийярто коррупциядан улам Киевди каржылоону токтотууга чакырды