Кыргызстан өзүн уй жана кой эти менен толук камсыздап жатат

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстан өзүн уй жана кой эти менен толук камсыздап жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Ал эми тоок эти квота боюнча импорттолот. 2025-жылы 58 миң тонна кирсе, 2026-жылы 48 миң тонна тоок этин тыштан сатып алуу пландалууда.
Буга чейин өлкөдө эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдүн мөөнөтү жыл соңуна чейин узартылган. Мындай чечим эт рыногундагы баанын кескин өсүшүнө жана алып сатарлыкка жол бербөө максатында кабыл алынган.
Радио
Орозакунов: КНСтин азайышы айыл чарба азыктарын 10-12%га арзандатат