БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстан быйыл эмне себептен улам Казакстанга электр энергиясын экспорттогонун энергетика министри Таалайбек Ибраев түшүндүрүп берди.
Буга чейин Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары январь-август аралыгында Кыргызстандан 300 миллион киловатт-саат энергия келгенин жазышкан.
Ибраев 2021-жылы товар алмашуунун негизинде өлкө коңшу мамлекеттен 900 миллион киловатт-саат электр кубатын алып, аны 2023-жылга чейин кайтарып бермектигин билдирди.
"Эптеп атып карызыбыздан быйыл араң кутулдук. 2021-2023-жылдары 300 миллион киловатт-сааттан бергенбиз, 2023-жылы — 54,4 миллион, былтыр — 84,5 миллион, быйыл 161,1 миллионун кайтардык", — деген министр.
Казак тарап карызга да сураган. Алгач Кыргызстан баш тарткан, бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин кышында кайтарылат деген шарт менен берүүнү чечкен.
"132,7 миллион киловатт-саат бердик, кайра андан көбүрөөк — 175,5 миллион киловатт-саат алабыз. Ушунун баарын жалпылап эсептей келгенде 300 миллион киловатт-саат (экспорт) болот", — деди Ибраев.