БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "Улуттук электр станциялары" ишканасы өлкөдө майнинг-фермалардын электр кубатынан кантип өчүрүшкөнүн көрсөттү.
Алар 10-ноябрдан тарта эле электр бөлүштүрүүчү линияларды ажыраткан. Ишкана берген видеодон "МБТ Строй" деп аталган майнинг-ферманын кантип өчүрүлгөндүгүн көрүүгө болот.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда мындай эки объект расмий иштей турганын жана алардын министрлик менен келишими болгонун белгилеген.
"Анткен менен булар россиялык электр энергиясын колдонгон. Аталган майнинг-фермалар транзит үчүн бизге 22 млн. сом төлөп беришкен", — деди аткаминер.
Эске салсак, бийлик бул кыштан кыйналбай чыгуу үчүн электр кубатын үнөмдөөнү байма-бай айтууда. Мындай кадам Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 миллиард метр кубга аз экендиги менен түшүндүрүлгөн.