Италиянын ЖМКлары Лавровдун айткандарын өзгөртүп жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Италиялык ЖМКлар РФ ТИМ башчысы Сергей Лавровдун интервьюсундагы Римге ыңгайсыз жерлерин өчүрүп, редакциялап коюшкан. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды.
Ведомство буга чейин Италиядагы алдыңкы гезиттердин бири болгон "Коррьере делла Серага" Лавровдон эксклюзив кылып, интервью алууну сунуштаган.
"Басылма суроолорду жөнөткөн. Министр алардын ар бирине токтолуп отурбай кенен жооп берген. Жарыялаганга даяр болуп калган", — деп жазылган маалыматта.
Бирок гезит жоопторду жарыялоодон баш тартты. Алардын айтымында, Лавровдун сөздөрүндө "фактыларды текшерүүнү же кошумча түшүндүрмөлөрдү талап кылган талаштуу билдирүүлөр көп" болуп, "аларды жарыялоо материалдын көлөмүн ашыкча көбөйтүп жиберет" экен.
ТИМ тексттерди салыштырган. Алар Лавровдун айткандарын да, Батыштагы басылманын жарыялаган версиясын да окурмандарга сунуштады.
"Ар бир өлкө өзү чечет". Лавровдун Минскидеги сөздөрүнүн маанилүү жерлери