Бишкекте Brand House курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкекте Brand House курулуш компаниясынын башкы директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, үлүш ээлери компаниянын жетекчиси менен кызматкерлерине чара көрүп бергиле деп Башкы прокуратурага кайрылышкан.
"Куйручук көчөсүндө уруксат документтери жок үй куруп жаткан ишканага үлүшчүлөр 2021-2024-жылдар аралыгында акча салышкан. Натыйжада объект аягына чейин курулбай, каражат максатсыз пайдаланылган", — деди ИИББ.
Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголуп, компаниянын 38 жаштагы Э.Н. аттуу директору убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК тургундардын арызынан кийин "Дельмар групптун" жетекчилерин кармады