БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 14-ноябрь, жума күнү, республиканын аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология кызматы таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +9...+14, Нарын өрөөнүндө +7...+12 градус болот.
Термометр Бишкек жана Ош шаарларында +16…+18 градусту көрсөтөт.