Аялдардагы онкологиялык оорулар — сүт бези жана жатын моюнчасы рагы тууралуу маек

Sputnik
Өлкөдө октябрь айынын ичинде "Аялдардын ден соолугу!" бир айлыгы өттү. Иш-чаранын алкагында республика боюнча 18 жаштан жогорку аялдар сүт бездеринин рагы оорусунун тобокелдик факторлорун жана алгачкы белгилерин аныктоо үчүн текшерилишти. Жалпы республика боюнча, болгону 180 аял дарыгердин көзөмөлүндө болду. Эми ушул эле айлыктын алкагында "жашыл ноябрь" уюштурулуп, анда аялдар жатын моюнчасынын рагына текшерилишет. Бул аталган эки илдет аялдардын арасында эң кеңири тараган оорулардын бири. Эрте аныкталса, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот. Бул тууралуу , онколог маммолог, Улуттук онкология жана гематология борборунун башкы илимий кызматкери Кыял Макиева жана Улуттук онкология жана гематология борборунун онко-гинекологу Аделя Токтоналиева кеп кылышты.