УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев облус башчылары менен район акимдерине эттин баасын көзөмөлдөөнү тапшырып, катуу эскертүү берди. Ал "Регион" телеканалы аркылуу жасаган кайрылуусунда өкмөттүн эттин баасын көзөмөлдөө боюнча токтому аймактарда аткарылбай жатканын, 680-700 сомдон белгиленген баа ушу тапта 800-900 сомго чейин чыгып кеткенин белгиледи. "Негизги себеп — алып сатарлар. Этти дүңүнөн тапшыргандар 450-500 сомдон берип жатышат. 100 сом кошсо түшүнүктүү болмок, бирок алар бааны дээрлик эки эсеге чейин көтөрүп жиберишиптир. Муну маморгандар жана жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алышы керек эле, бирок алар милдетин аткарбай, буга кайдыгер мамиле жасашкан. Азык-түлүктүн баасынын өсүшүнө жергиликтүү бийлик түздөн-түз жооптуу болот. Бир жерде эт кымбаттаса, айыл өкмөт, аким, мэр, жооп бересиңер", — деди Ташиев.
ЕАЭБдин Санарип демилгелер фондунун куратору нейротүйүндөр уюм үчүн эки чоң маселе жаратканын айтты Биринчиси — жасалма интеллектинин жумуш орундарын кыскартышы же тескерисинче көбөйтүшү. Экинчиси — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн билим берүү системасында элдин ЖИни колдонууга даярдыгы жана билим деңгээли. "Биз билим берүүнүн методологиясын башкы планга чыгарып, жаңычылдыктар менен иштөөнү үйрөнүшүбүз керек. Жаңы технологиялар шарттаган ар кандай тобокелдиктерди алдын алуу, аларды пайдалуу колдонуу үчүн техникалык жана санарип стандарттарды иштеп чыгуу зарыл", — деди Тигран Саркисян Sputnik маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө.
Бишкекте Brand House курулуш компаниясынын башкы директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИББ билдирди. Маалыматка караганда, үлүш ээлери компаниянын жетекчиси менен кызматкерлерине чара көрүп бергиле деп Башкы прокуратурага кайрылышкан. "Куйручук көчөсүндө уруксат документтери жок үй куруп жаткан ишканага үлүшчүлөр 2021-2024-жылдар аралыгында акча салышкан. Натыйжада объект аягына чейин курулбай, каражат максатсыз пайдаланылган", — деди ИИББ. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголуп, компаниянын 38 жаштагы директору убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
АКШ президенти Дональд Трамп Конгресс тарабынан колдоого алынган өкмөттүн 30-январга чейинки убактылуу бюджетине кол коюп, өлкө тарыхындагы эң узун шатдаунга (43 күн) чекит койду. РИА Новости өлкө башчы документке Ак үйдөгү расмий иш-чарада кол койгонун жазды. Трамптын айтымында, шатдаундан улам мамлекет 1,5 триллион долларлык чыгым тарткан. Бир миллиондон ашуун киши айлык албай, 20 миңдей авиакаттам үзгүлтүккө учурады. Маалыматта бюджеттин жоктугунан эмгек акы төлөнбөгөн өргүүгө кеткен мамлекеттик кызматкерлер бейшемби күнү жумушка чыгышы керектиги айтылат.Январдын соңуна чейинки убактылуу бюджетти алгач Сенат, андан кийин Конгресс жактырган. Анткен менен Конгресс жыл аягына чейинки бюджетти бекитүү боюнча макулдашууга келбесе, шатдаун маселеси кайра жанданышы мүмкүн. Эскерте кетсек, АКШ өкмөтү 1-октябрдан тарта ишин токтотуп, жүз миңдеген кызматкер айлык акы каралбаган өргүүгө жөнөтүлгөн.