Бишкекте "Мыкты мектеп ашпозу – 2025" республикалык сынагынын финалы өттү. Конкурска өлкөнүн бардык облустарынан келген жети ашпоз катышты. Иш-чара мектеп ашпоздорунун коомчулугун бекемдөөгө, мектептеги тамак-аштын сапатын жакшыртууга жана мыкты тажрыйбаларды өлкөгө жайылтууга багытталган. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз" программасында дал ушул сынак жана мектептердеги тамак-аш коопсуздугу тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык түлүк программасынын мектеп тамак-ашы бөлүмүнүн адиси Аида Афтандилова жана Мектеп тамак-ашы боюнча республикалык компетенциялар борборунун директору Айнура Куленбекова жооп берди.