Көркөм өнөр аркылуу мураска кайтуу — айкел жана эстеликтер жөнүндө скульптордун пикири

Sputnik
Өлкөдө орнотулуп жаткан айкелдер менен эстеликтердин сапаты көбүнчө аларды буйрутма берген тараптардан көз каранды болуп жатат. Кыргыз скульпторлорунун чыгармачылык деңгээли жогору, алар үзүрлүү эмгектенишүүдө. Эгерде бир айкелди жаратуу ишине чеберлерден турган команда тартылса, анда сапаттуу болору шексиз. Ар бир эстелик атайын комиссиянын кароосунан өткөндөн кийин гана орнотулууга тийиш.
Бул тууралуу сүрөтчү, график жана скульптор Бообек Арыков бүгүнкү "Күн башат" программасында маек куруп жатып билдирди. Ошондой эле ал "Өзөккө кайтуу" аттуу жеке көргөзмөсү тууралуу да айтып өттү. Анын айтымында, бул көргөзмө — автордун өз тамырына кайрылуусу, ата-бабалардын мурасын урматтоо жана кыргыз элинин руханий дүйнөсүн искусство аркылуу чагылдыруу аракетинин натыйжасы болуп саналат.