Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин токтому менен Мамлекеттик салык кызматынын туусу жана символика белгиси жөнүндө жобо бекитилди. Ага ылайык, жаңы туу көк-жашыл түстө болуп, борборунда канаттарын жайган ак бүркүт сүрөттөлгөн. Бүркүттүн төшүндө эки тоонун чокусуна окшош форма, ал эми төмөн жагында «Кыргызстан салык кызматы» деген жазуу жайгашкан. Салык кызматынын белгиси тегерек формада болуп, туунун негизги элементтерин камтыйт. Ал кызматкерлердин формасында, документтеринде жана расмий материалдарында колдонулат.Жаңы туу борбордук жана аймактык бөлүмдөрдө орнотулуп, расмий жана салтанаттуу иш-чараларда пайдаланылат. Символдорду уруксатсыз колдонууга жана бурмалоого тыюу салынат. Ал эми мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылат.
Кыргызстанда мыйзамсыз жол менен табылган мүлктү соттун өкүмү чыкканга чейин эле конфискациялоо сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Башкы прокуратура коомдук талкууга чыгарды. Демилгечи тарап белгилегендей, учурдагы Конституцияга ылайык, менчик мүлктү камакка алуу соттун чечими менен гана ишке ашат. Анын өкүмү болбосо кылмышкерлердин байлыгын мамлекет конфискациялай албайт. Мындан тышкары, эгерде кылмыш иши сотто жыйынтыкталбаса, айыпкер качып кетсе, каза болсо же ага карата иш реабилитацияланбаган башка негиздер боюнча токтотулса, мүлктү камакка алуу мүмкүн эмес. Башкы прокуратура мисалга Казакстандын тажрыйбасын келтирип, мыйзамдуу булактар менен алынганы далилденбеген активдерди мамлекеттин пайдасына алууга мүмкүнчүлүк жараларын белгиледи.
Быйылкы жылдын 10 айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар 40 267 экспертиза жүргүздү. Ведомстводон билдиришкендей, өсүмдүк айыл чарба продукцияларынан карантиндик объекттерди жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес зыяндуу организмдерди аныктоо максатында лабораторияларга жалпы 18 703 даана үлгү түшкөн. Анын ичинен: -импорттук карантинге алынган продукциядан — 7 820 даана үлгү; -экспорттук карантинге алынган продукциядан — 5 954 даана үлгү; -изилдөө иш-чараларынан — 1 248 даана үлгү; -кайрылуулар боюнча — 525 даана үлгү; -феромон тузактарынан — 3 105 даана үлгү. Жыйынтыгында жалпы 40 267 экспертиза жүргүзүлүп, анын натыйжасында 16 түр карантиндик зыяндуу организмдер аныкталган.
Батыш акырындап Киевге бөлүнгөн акча уурдалып жатканын түшүнө баштады. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Украинадагы коррупциялык жаңжалга европалык мамлекеттер да, АКШ да көңүл бурду деп ойлойбуз. Булар — Киевди аябай катуу колдогон тараптар. Эми жөнөтүлгөн акчанын басымдуу бөлүгү, башкача айтканда, элинен алып Украинага жөнөткөн каражат Киев режими тарабынан уурдалып жатканын түшүнө башташса керек. Муну барган сайын көбүрөөк киши аңдай баштады", — деген Песков. Ал күч алып жаткан жаңжалга Кремль да көз салып жатканын белгиледи.