БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоганга учак кулап, 20 аскердин каза тапканына байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Азербайжандан Түркияга бара жаткан аскердик учактын кырсыкташын терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирген.
"Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн сизге жана Түркиянын элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен жабыркагандардын баарына тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп телеграммада айтылат.
Кечээ, 11-ноябрда, Грузия аймагында түрк аскердик-транспорттук Lockheed C-130 Hercules учагы кулап, ал 20 аскер кызматкеринин өмүрүн алган. Анкара Тбилиси менен биргелешип издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Андан сырткары, Грузияда авиакырсыкты иликтөө иштери башталды.
Sputnik Türkiye учактын кулап келе жаткан видеосун жарыялаган.
Sputnik Türkiye учактын кулап келе жаткан видеосун жарыялаган.