БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Токтогул ГЭСинин төрт гидроагрегаты тең реконструкцияланып бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Ведомстсво жетекчиси Таалайбек Ибраевдин айтымында, реконструкциядан кийин станциянын кубаттуулугу 1200 мегаваттан 1440 мегаваттка чейин көбөйдү.
"Ар бир гидроагрегатка 60 мегаваттан кошулду. Учурда суу менен сыналып бүттү. Гидроагрегат штаттык режимде иштеп жатат", — деп белгилеген министр.
ГЭСти жаңылоо жумуштары 2019-жылы башталган. Ошондой эле Үч-Коргон электр станциясында экинчи гидроагрегат жаңыланды. Мында да жалпы төрт гидроагрегат алмашары айтылган.