БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев шейшембиде Владимир Путин менен Москва — Астана алакасын жана дүйнөлүк кырдаалды талкуулаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Кечээ Владимир Владимирович экөөбүз эки саатка жакын сүйлөштүк. Эки тараптуу кызматташтыктын да, эл аралык кырдаалдын да көптөгөн маселелерин талкууладык", — деди ал Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушууда.
Токаев Россияга болгон мамлекеттик сапары өлкөлөрдүн союздаштык мамилесин жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгилеген. Матвиенко анын кебин кубаттап, бул иш-чара кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң түрткү болорун айткан.
Токаев Москвага бир күн мурун келип, Путин менен Кремлде жолугушкан. Бүгүн лидерлер сүйлөшүүлөрүн улантып, XXI аймактар аралык кызматташтык форумунун пленардык жыйынына онлайн-режимде катышат. Соңунда маалымат каражаттарына билдирүү жасап, документтер пакетине кол коюшат. Путин ошондой эле Токаевдин сапарына карата мамлекеттик сый тамак уюштурат.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков РФ лидери казак президентине фронттогу акыркы абал жана Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча маалымат бере турганын тактады.