Радио

Улгайган адамдар үчүн алгачкы санариптик окуу куралы иштелип чыкты

Карылар ресурстук борборунун координатору Нурдин Сатаров электрондук окуу китеби улуу муунга смартфон же компьютерди өз алдынча колдонууга, интернет аркылуу кызмат алууга жардам берерин айтты.
Sputnik
Өлкөдө алгачкы жолу улгайган жарандар үчүн санарип сабаттуулук боюнча атайын электрондук окуу китеби иштелип чыкты. Бул тууралуу Нурдин Сатаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул окуу куралы кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.
"Бүгүнкү күндө байланыштар, төлөмдөр жана мамлекеттик кызматтардын басымдуу бөлүгү интернет аркылуу ишке ашырылууда. Ошондой эле жыл сайын мындай тармактардын жана кызмат көрсөтүүчү тиркемелердин түрү көбөйүп жатат. Мына ушуну эске алып улуу муундун санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, бул чөйрөгө аралашууга көмөк көрсөтүү жана санарип теңсиздикти жоюу максатында электрондук окуу китебин иштеп чыктык. Анда видеосабактар, кадам-кадам менен көрсөтмөлөр, түшүндүрмөлөр, санариптик түзмөктөрдү колдонуу боюнча практикалык кеңештер, интернетте коопсуз иштөө боюнча сунуштар, онлайн-төлөмдөрдү жүргүзүү жана "Түндүк" платформасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды алуу боюнча көрсөтмөлөр камтылган", — деди Сатаров.
Ал ошондой эле санарип сабаттуулук боюнча электрондук окуу куралы жаштар үчүн да пайдалуу экенин кошумчалады.