Россия Кыргызстанга 651 миң окуу китебин жеткирди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Россия Кыргызстанга өлкөнүн билим берүү стандарттарына ылайыкталган 651 миң китеп жеткирип берди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, окуу китептери кыргыз-орус жумушчу тобу тарабынан 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн адаптацияланган.
"Учурда окуу китептери кампаларга бөлүштүрүлүп, жакынкы аралыкта өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт", — деди ведомство.
1 / 4

Кыргызстанга өлкөнүн билим берүү стандарттарына ылайыкталган 651 миң китеп жеткирип берди

2 / 4

Маалыматка караганда, окуу китептери кыргыз-орус жумушчу тобу тарабынан 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн адаптацияланган

3 / 4

"Учурда окуу китептери кампаларга бөлүштүрүлүп, жакынкы аралыкта өлкөнүн бардык аймактарындагы жалпы билим берүү уюмдарына жөнөтүлөт", — деди ведомство.

4 / 4

Учурда 3, 4, 6, 8, 9-класстар үчүн ошол эле предметтер боюнча окуу китептерин ылайыкташтыруу иштери башталды

Окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептер үчүн төмөнкү предметтер боюнча даярдалган:
орус тили жана окуу;
орус тили;
орус адабияты;
орус жана дүйнөлүк адабият.
Учурда 3, 4, 6, 8, 9-класстар үчүн ошол эле предметтер боюнча окуу китептерин ылайыкташтыруу иштери башталды.
Радио
Улгайган адамдар үчүн алгачкы санариптик окуу куралы иштелип чыкты