БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Москва Россия жана АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын Будапештте өтчү саммитин уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандантууга даяр. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров маек учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, эгер Америка тарап бул демилгени кайра көтөрүп, натыйжалуу өтө турган жолугушууну даярдоого бел байласа, Россия да аны колдойт.
"Америкалык кесиптештерибиз менен алар сунуштаган эки өлкө лидерлеринин саммитине даярдыкты баштоого даярбыз. Биз үчүн Будапешт ылайыктуу болмок. Трамп да Орбан менен жолугушуусунда Будапешт Вашингтон үчүн да ыңгайлуу экенин ырастаган", — деген министр.
Лавров 20-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефон аркылуу байланышканын, андан кийин Россия менен АКШнын Тышкы иштер министрликтеринин, аскер кызматкерлеринин жана атайын кызматтарынын өкүлдөрү жолукмактыгын белгиледи. Бирок АКШ тараптан эч кандай кадам жасалган эмес.