БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жасалма интеллектинин өнүгүшү менен ЕАЭБдин алдында кандай маселелер жаралганын ЕАЭБдин Санарип демилгелер фондунун куратору Тигран Саркисян айтып берди.
Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөгө катышкан. Саркисяндын айтымында, дүйнө жүзүндө жасалма интеллектинин жашоонун бардык тармагына сиңиши чоң талкуу жаратып келет.
"Бир жагынан алганда, ЖИ адамды алмаштырып, жумушчу орундар кыскарат деген кооптонуу бар. Дагы бир көз караш боюнча, жасалма интеллект жаңы иш орундарын түзүп, айрым тармактар боюнча гана позицияларды кыскартары айтылууда", — деген Саркисян.
Фонддун куратору ушу тапта ЕАЭБ өлкөлөрүнүн билим берүү системасында элдин ЖИни колдонууга даярдыгы кандай жана билими жетиштүүбү деген маселе жаралып жатканын белгиледи.
"Биз билим берүүнүн методологиясын башкы планга чыгарып, жаңычылдыктар менен иштөөнү үйрөнүшүбүз керек, ал тургай өмүр бою окушубуз зарыл. Экинчи маселе — жаңы технологиялар шарттаган ар кандай тобокелдиктерди алдын алуу, аларды пайдалуу колдонуу үчүн техникалык жана санарип стандарттарды иштеп чыгуу", — деди Саркисян.